Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Улутташтыруунун убайын кимдер көрдү?


Бакиевдерге таандык делген пансионаттын курулушу.
Бакиевдерге таандык делген пансионаттын курулушу.

Жең ичинен сатылып кетти деген негиз менен 2010-жылы бийлик алмашканда улутташтырылган Чолпон-Атадагы жыйырма гектардан ашуун жер тилкеси мурдагы кожоюндарына кайтарылып берилген.

Ошондой эле мурдагы бийлик режиминин мыкчыгерлери ээлеп алган эс алуу жайларынын жер тилкелери кыркылып, коттедждери соттун чечими менен башка бирөөлөргө берилген фактылар чыга баштады. Ысык-Көл райондор аралык экономикалык иштер боюнча сотунун төрайымы Калида Асанова бул боюнча соттун чечимдерине комментарий берүүгө милдеттүү эмес экенин эскертти.

Декрет менен алынган жер тилкелери кайра кайтарылганда

Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 20-майындагы декреттеринин негизинде башкы прокуратура Ысык-Көлдүн жээгиндеги Sun Way, Terra Nova, “Восток Экспресс” жана «Инвест Трест» компанияларына жазылган жыйырма гектарга чукул жер тилкелерин улутташтырган. Анткени, 2007-жылы Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Кыдыкбек Исаев жетектеген комиссиянын чечими менен көл жээгиндеги аталган жер тилкелери бийликтин андагы мыкчыгерлерине жең ичинен берилип кеткени аныкталган. Тергөө кийин жогоруда аталган компаниялардын артында Максим Бакиев менен Нариман Түлеевге жакын адамдар турарын иликтеп чыккан. Бул боюнча 2010-жылы 7-апрелден кийин Ысык-Көлдүн экс- губернатору Кыдыкбек Исаевге кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу Исаев алгач Алматыга андан ары АКШга качууга үлгүргөн.

Жогорудагы үч компаниянын өкүлдөрү 2011-жылы менчик укугун калыбына келтирүү өтүнүчү менен Ысык-Көл райондор аралык сотуна кайрылган. Сот алардын талабын канааттандырган. Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлү белгисиз себеп менен аталган сот иштерине катышкан эмес. Соттун чечиминде аталган жер тилкелеринин тагдыры жана ага байланыштуу декреттердин талабына басым жасалбай калган.

Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев муну иш жүзүндө соттордун декреттерди жокко чыгаруусу катары мүнөздөдү:

- Бул мыйзамдаштырылган коррупциянын элементи. Негизи мына ошол чечим чыгарган соттон “Ошол кезде мыйзам катары иштеген декреттин негизинде мамлекетке өткөрүлгөн жер тилкелерин кайра мурдагы кожоюндарына кайтарып берүүгө сиздин кандай акыңыз бар?”- деп сураш керек болчу. Мындай талап койгон киши болгон жок. Булар өз ара жең ичинен сүйлөшүп туруп, сотту шылтоо кылып эле чечим чыгартып коюшкан. Эгерде мына ошол декреттер туура эмес болгон десе, анда аны Конституциялык палатада караш керек эле. Мындай боло турган болсо, декреттердин бардыгын жокко чыгарып, бардык улутташтырылган мүлктөрдү мурдагы ээлеринен кечирим сурап, кайра кайтарып бериш керек анда.

Жыл айланса да, жыйынтыгы чыкпаган текшерүү

Туура бир жылдан соң, 2012-жылы Мамлекеттик мүлк фонду райондор аралык соттун чечими боюнча Ысык-Көл облустук сотуна даттанган. Бирок облустук сот даттануу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу арызды сот өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тарткан.

Улутташтырылган мүлктөр жең ичинен үчүнчү бир тарапка өтүп кетип жатканы боюнча 2012-жылы эле парламентке коңгуроо кагылган. Бул маселени иликтөө Жогорку Кеңештин Фискалдык жана экономикалык саясат комитетине тапшырылган. Бирок депутат Карганбек Самаков жетектеген ал комитет ишти иликтөө боюнча атайын жумушчу топ түзгөн менен анын жыйынтыгы коомчулукка белгисиз бойдон калган. “Республика” фракциясынан депутат Урмат Аманбаева аталган комитет текшерүүнүн жыйынтыгын жашырып-жапты деп доомат койгон:

- Мындан эки жыл мурун атайын токтом менен ишти иликтөө тапшырылган экен. Бирок ушул күнгө чейин жыйынтык жок. Бул бардыгы келишип алып, убакытты создуктуруп жатат дегенди түшүндүрбөйбү? Иштин бүдөмүк бойдон калып жатканы көп адамды шектентип жатат.

Сот чыгарган чечимине жооп бербейт

Чолпон-Атага жакын Өрнөк айылындагы Ысык-Көлдүн жээгинен төрт жарым гектар, “Ала-Тоо” пансионатынын жанынан 2 гектар, Чоң Сары-Ой айылынан төрт гектар, Чок-Тал айылынан тогуз гектар жер тилкеси жогоруда аталган компаниялардын ээлигине кеткен. Аталган жер тилкелеринин арзанга сатылып кетишинен мамлекет 300 миллион сомдон ашуун зыян тартканы тергөөдө аныкталган болчу. Анда курортук аймактагы аталган жер тилкелеринин базар баасы сотыхына 4 миң АКШ долларынан жогору экени белгиленген. Мына ошол көмүскө аукциондордо жер тилкелери жазылган компаниялардын өкүлдөрү катары учурда “Ар-намыстан” депутат Игорь Гусаровдун “Ата-Журттан” Бакыт Шаршеевдин ысымдары аталган. Бирок аталган эл өкүлдөрү бул маселе боюнча “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартышты.

Ал эми Ысык-Көл райондор аралык сотунун төрайымы Калида Асанова жер тилкелерин улутташтыруу боюнча декретти четке каккан соттун чечимине комментарий берүүгө милдетүү эместигин айтты:

- Бул суроого мен эмне үчүн жооп беришим керек? Бул боюнча отчет бергидей сиз мага кимсиз...? Ал чечимдерде бардыгынын пикирлери жазылган. Аны мен азыр толук эстей албай турам. Анда мына ошол декреттердин мыйзамдуу же мыйзамсыздыгы боюнча маселе каралган эмес. Бул туурасында мен сизге толук маалымат бере албайм. Болду...

Үчүнчү тарапка өткөн үлүштөр

Ошол эле кезде Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Аврора+”, “Аврора-Грин” жана “Витязь” сыяктуу эс алуу жайларынын жер тилкелери жана коттедждери улутташтыруунун тизмесинен чыгарылып, үчүнчү бир тараптарга сатылган фактылар табылды. Максим Бакиевге таандык делген “Аврора+” пансионатынын он гектар жер аянты жана 74 коттедж сот органдарынын чечими менен “Ала-Арча” деген аталыштагы ишканага берилген. Марат Бакиев ээлик кылган “Витязь” жана “Аврора-Грин” эс алуу жайларынын курулуп бүтө элек объекттери менен жер тилкелери дагы мына ушундай тагдырга туш болгон. Бул мүлктүн көпчүлүгү кезинде коммерциялык банктарга күрөөгө коюлган болчу. Улуттук банктын төрага орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин муну мамлекеттик мүлк фондунун ишинин жыйынтыгы катары сынга алды:

- “Ысык-Көл инвест" банкына коюлган төрт, “Кыргызкредит” банкына коюлган 11 коттедж, “Манас” банкындагы 5 коттедж түп-орду менен үчүнчү бир тараптарга өтүп кеткен. Бардыгы болуп жыйырма коттедж. Бул үчүн азыр ким жооп берет? Мамлекеттик мүлк фонду бул боюнча бизге же коммерциялык банктарга маалымат бербейт. Сот жараяндары качан өткөнү белгисиз. Анан эле мамлекеттик каттоодон күрөөгө коюлган мүлк башка бир тараптарга өтүп кеткенин билип калып жатабыз. Бул туура эмес. Декреттин негизинде улутташтырылган мүлктөргө мамлекеттик орган жооп бериши керек эле. Биз болсо бул боюнча кандайча чечим кабыл алынганын билбей отурабыз.

Көл жээги.
Көл жээги.
Аталган жер тилкелери менен коттедждерди мурдагы менчик ээлерине кайтаруу тууралуу Ысык-Көл райондор аралык соту 2010-жылы 10-майда чечим чыгарган.

Аталган менчик ээлери Бакиевдерге кезинде менчиктерин тарттырып жиберген жабырлануучулар катары соттон өтүшкөн. Мына ошондуктан аталган жер тилкелери эс алуу жайларынын аймагынан кесилип, улутташтырылган объектилердин тизмесине киргизилбей калган. Убактылуу өкмөттүн улутташтыруу боюнча декрети болсо мына ошол соттон туура он күнгө кечигип, 20-майда кабыл алынган.

Мына ошондуктан Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу башкармалыгынын жакында кызматтан алынган башчысы Назира Үсөналиева коюлган дооматты мындайча четке какты:

- "Аврора+" боюнча айтсак, анын 74 коттеджи “Ала-Арча” ишканасына өтөт деген Жогорку Соттун акыркы чечими бар. Биз соттун бул акыркы чечимин аткарышыбыз керек эле. Анткени убактылуу өкмөттүн декрети чыга электе эле бул маселе жергиликтүү соттун чечими менен мына ошондой шартта чечилген. Бул боюнча декрет 20-майда чыкса, биринчи инстанциядагы соттун чечими 10 - майда эле чыккан экен. Ошондуктан мына ошол коттедждер улутташтырууга кирген эмес.

Чалкештикке – шайкештик

Ошону менен улутташтырылган мүлктөрдүн тагдырына байланыштуу Убактылуу өкмөттүн декреттери менен кийинки сот чечимдеринин ортосунда укуктук чалкештик келип чыккан. Мына ошондуктан бул маселени укуктук алкакта чечүү мүмкүн болбогондуктан улам өкмөттүн алдына мекемелер аралык атайын комиссия түзүлдү. Аталган комиссия мамлекеттин карамагына алынган мүлктөр боюнча декреттердин жана сот чечимдеринин негиздүүлүгүн иликтемекчи.

Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов бул тууралуу мына буларга токтолду:

- Бул жерде чындыгында юридикалык казус пайда болгон. Мында тараптардын бардыгынын күйгөндөй жүйөөсү бар. Анткени декреттерди жокко чыгарууга мүмкүнбү? Мүмкүн эмес. Жогорку Соттун чечимин жокко чыгарууга мүмкүнбү? Мүмкүн эмес. Ошондуктан бул маселени терең талдап туруп, анан бардык тараптардын кызыкчылыгын камтый турган шартта бир чечим кабыл алынышы кажет.

Ошол эле кезде Жаныш Бакиевге, Марат Бакиевге жана бул үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө таандык делген көптөгөн турак-үйлөр, автоунаалар жана мекеме-ишканалардын дайын-дареги жок болуп жатканы айтылды. Анткени убактылуу өкмөттүн декрети менен 47 объект гана мурдагы президент Бакиевдин жакындарына караштуу деген негизде улутташтырылган. Кийин өкмөт чечими менен ал объектердин ичинен он жетиси тиешелүү министрликтердин карамагына өткөрүлүп берилген. Калган 23 мүлктүн ичинен сегизи аукцион менен сатылган. Андан бюджетке 200 миллион сомдон ашыгыраак каражат түшкөн.
XS
SM
MD
LG