Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:02

Өкмөткө Кумтөр боюнча дагы бир мүмкүнчүлүк берилгени жатат


Кумтөр маселесин парламент талап кылып келаткандай чечүү үчүн өкмөткө дагы бир мүмкүнчүлүк берилгени жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" экономика министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, тиешелүү токтом долбоору добушка коюлганы жатат:

- Эгер сунушталып жаткан чечимди депутаттар колдоп берсе, жакшыртканга мүмкүнчүлүк берет. Кийин келишимдерди толуктап жатканда кошумча аргумент дагы болуп берет.

Эки күндөн бери парламентте Кумтөр маселеси чечилбей жатат. Бир пикирге келүү үчүн парламент жана өкмөт өкүлдөрү кирген макулдашуу тобу түзүлгөн. Ал иштеп чыккан токтом долбоору добушка коюлмакчы. (EBM/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG