Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Алсыздык - ар бир эркекти тооруган дарт


Кыргызстандык эркектердин тең жарымынын саламаттыгы жайында эмес. Өлкөдөгү ар бир бешинчи эркек жыныстык алсыздык менен алпурушууда. Мырзалардын ден соолугун изилдеген адистердин тыянагы ушундай.

Бишкектеги урология боюнча илимий борборго кайрылган эркектердин саны соңку кездери көбөйгөнү байкалат. Алардын басымдуу бөлүгү бир топ жылдан бери ооруп жүргөндөр. Бирок убагында дарыгерге кайрылган эмес.

Текшерүүгө келгендердин бири - Мирлан. Бишкек шаарынын тургуну. 35 жашка чамалап калган бул мекендешибиз өзүндөгү алсыздыкты үч жыл мурун байкаган. Бул тууралуу жубайынан башка жан билбейт. Текшерүүгө келген ондогон эркектердин арасынан ушул жигит гана өзүнүн абалын айтып берүүгө макул болду.

Мирландын жыныстык жашоосу 2011-жылдан бери ойдогудай эмес. Качан гана туугандары келинчегине "төрөбөйсүң" деп доомат арта баштаганда дарыгерге кайрылууга мажбур болгон:

- Эки балам бар. Үйлөнүп жатканда төрт балалуу болууну пландаганбыз. Бирок азырынча мүмкүн болбой жатат. Үч жылдай убакыт болуп калды, жыныстык жактан алсыз экенимди байкаганыма. Бирок маани берген эмесмин. Айла кеткенде, быйыл дарыгерге кайрылдым. Суук тийгизип алыпмын. Простатит экенин айтышты. Таң калганым, мен сыяктуу алсыздык менен жабыркагандар аябай көп экен. Азыр дарыланып жатам.

Урологиялык илимий борбордун кызматкери, “Эркектердин ден соолугу” коомдук уюмунун жетекчиси Зуфар Хакимходжаевдин айтымында, кыргызстандык ар бир бешинчи эркек ушул дартка кабылган:

- Жаныстык жактан оорулуу эркектер жылдан жылга көбөйүүдө. Учурда мамлекеттеги мырзалардын 20 пайыздан ашууну ушул көйгөйдөн жабыркайт. Бул дарыгерлерге кайрылгандардын саны менен гана чыгарылган тыянак. Ден соолугуна кайдыгер мамиле кылып жүргөндөрдү кошо эсептесек, сан дагы өсүшү мүмкүн. Ушул тапта ар бир бешинчи эркекте проблема бар. Бирок бул алардын баары 100 пайыз импотент болуп калды дегенди билдирбейт. Айрымдарында жаңы башталып жатат. Кээ бирлеринин тилекке каршы дарты өтүшүп кетип, дарылоого мүмкүн болбой калган.

Бөйрөк жана жыныстык жактан ооруган эркектер 3 топко бөлүнөт. Биринчиси - өспүрүм балдар, экинчиси - 20 жаштан 50 жашка чейинкилер жана улгайган кишилер. Учурда ден соолугу начарлап бараткандардын көбү ишке жарамдуу. Алардын арасында офисте иштегендер жана дайыма машине айдап жүргөндөр көп. Анткени, олтуруп иштөө – эркектин жыныстык саламаттыгына зыян.

Миграция менен митингдердин терс таасири

Адистердин айтымында, ички жана тышкы миграцияда жүрүп, жыныстык жашоонун бир калыпта сакталбай жатышы да эркектердин саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө. Экологиянын бузулушу да башкы себеп.

Соңку жылдары мырзалардын саламаттагына өлкөдө пикет-митингдердин көбөйүшү түздөн түз таасир бере баштады. Анын себебин уролог Зуфар Хакимходжаев мындайча түшүндүрүп берди:

- Пикет болобу, митингби, кандай гана нааразылык акциясы болбосун, ага эркектер көбүрөөк катышат. Андай окуялардын кийин адамда стресс пайда болот. Ал түздөн түз жыныстык активдүүлүктүн төмөндөшүнө таасир этет. Анын натыйжасында, жүрөктүн иштеши да начарлайт. Бул абал жыныстык жактан алсыз болууга же жүрөк оорусуна алып келет.

Дарыгерлер мындай абалдан качуу үчүн дене тарбия менен тез-тез машыгып, майлуу тамактардан, алкоголдук ичимдиктерден жана тамекиден баш тартуу зарыл дешет.

Урологдордун айтымында, намаз окуп жүргөндөр арасында да жыныстык алсыздыкка дуушар болуп жаткандар бар. Дарыгерлер мындан качуу үчүн жылуу суу менен даарат алууну сунушташат.

2004-жылдан бери жыл сайын облус борборлорундагы бейтапканаларда “Эркектердин ден соолук жумалыгы” өтөт. Мырзалар бул убакытта акысыз текшерилсе болот. Бирок азырынча бул демилге майнаптуу натыйжа бере элек. Коомчулукта мындай акцияларды облус борборлорунда гана эмес, ар бир эмканада өткөрүү зарылдыгы айтылат. Анткени элеттик мырзалар көп учурда дарыгерге кайрыла бербейт.

Баса, мырзалардын саламаттыгы начарлап баратканы менен Кыргызстанда анын алдын алууга багытталган атайын китепчелер жана бюллетендик көрнөктөр да аз.
XS
SM
MD
LG