Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

Казакстан космостук аппараттарды учурууну пландоодо


Үстүбүздөгү жылы Байкоңур космодромунан үч космостук аппарат учурула тургандыгын "Казкосмос" агенттигинин маалымат кызматы билдирет. Алардын бири KazSat-3 спутниги, калган экөө Жерди аралыктан туруп изилдей турган аппараттар.

Экинчи космостук аппарат 2013-жылдын этегинде Латын Америкасындагы француздардын Куру космодромунан учурулат деп жарыяланган. Бирок жыл башында орусиялык «Роскосмос» агенттиги жарыялаган тизмеде Байкоңур космодромунан «Протон» ракетасы KazSat-3 спутниги менен учаары көрсөтүлгөн.

Казакстандын өтүнүчү менен Орусияда жасалган алгачкы спутниктин наркы 65 миллион доллар туруп, 2006-жылы космоско жиберилген. 2008-жылы болсо ал спутник иштен чыгып калган.

XS
SM
MD
LG