Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Пакистанда бийлик менен талиптердин сүйлөшүүсү башталды


Исламабаддан келген маалыматтарга караганда, өкмөт менен талиптердин тынчтык сүйлөшүүсү борборго жакын жерде башталды. Алар бул жолугушууда келечектеги сүйлөшүүлөрдүн “жол картасын” түзүүгө аракеттенишет. Пакистан талиптери өкмөттү кулатып, исламдык мүнөздөгү бийлик орнотуу үчүн күрөшүп келатат.

Пакистан өкмөт башчысы Наваз Шариф курал, күч менен басууга каршы чыгып, сүйлөшүү учуру келгенин билдирүүдө. Январь айында эле талиптердин чабуулунан Пакистанда 100дөн көп киши каза тапты. (AiT)

XS
SM
MD
LG