Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

ШИИБ: Бишкекте сойкукана ачкан кытай жарандары кармалды


Бишкекте жалаң чет элдик жарандарды тейлөөчү сойкукана ачып, иштетип жүргөн кытайлык жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн шаар милициясы кабарлады.

Лермонтов көчөсүндөгү "Таатан" базарынын жанында жайгашкан караоке клубда сойкулук кылган деген шек менен 26 кыз кармалды. Ал эми негизги айып Кыргызстанда убактылуу жашап жаткан үч кытайлык жаранга тагылды. Алар азыр Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайында камалып турат. Козголгон кылмыш иш боюнча тергөө башталды. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG