Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Орусияга иш сапарга кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Бүгүн Атамбаев Сочиге барып Олимпиаданын ачылыш салтанатына катышат. Эртең орус президенти Владимир Путин менен жолугат. Ал эми 11-февралда Москвада Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолукканы жатат. (RK)