Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Румыниянын финансы министри отставкага кетти


Анын аялы пара алган деп шектелүүдө. Кицою коалициялык өкмөттөгү вице-премьерлик кызматынан да кетти. Ал өзүнүн кетүүсүнө аялына байланыштуу чатактын тиешеси жок экенин, Европарламентке болчу жана Румыниядагы президенттик шайлоо алдында өзү жетектеген Улуттук либералдык партиянын ишин жандандыруу үчүн ушу кадамга барганын түшүндүрдү. Бир жума мурда Бухаресттин прокуратурасы Лаура Кицою айымды Финансылык көзөмөлдөө агенттигинде иштеп турганда кызматынан кыянаттык менен пайдаланганын айтып, ага каршы кылмыш иши козголгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG