Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:56

Мамкаттоо кызматында жетекчи алмашты


Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Эрлан Сапарбаев иштен алынды. Премьер-министр бүгүн кол койгон буйрукта Сапарбаев башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан алынганы айтылат. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Мамкаттоо кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп азыркы орун басар Элдияр Убалиев дайындалды.

Сапарбаевди бул кызматка парламенттик квота боюнча "Ар-Намыс" сунуштаган. Бирок кийин аталган фракция ал ишин жөндөй албады деген жүйөө менен кызматтан чакыртып алуу чечимин кабыл алган. Сапарбаев фракциянын мындай дооматын четке кагып, анын кетишине "Ар-Намыстын" лидери Феликс Куловдун жеке кызыкчылыгы бар деп айтып чыккан. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG