Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:37

Бир ай дайынсыз жүргөн студент кыз табылды


Ала качууга кабылды делип, бир айдан бери дайынсыз жүргөн студент кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты. Ата-энеси бул боюнча милицияга жазган арызын кайра алды.

Бишкектеги Улуттук консерваториянын 23 жаштагы студенти Надира Орозбек кызы 30-декабрда аталган окуу жайдын жатаканасынан Бишкектин четиндеги Ак-Жар жаңы конушунда жашаган ата-энесиникине кеткенин айтып чыккандан бери дайынсыз жүргөн. Бул аралыкта Надира эки ирет апасына телефон чалып, аны Майлуу-Суу шаарына ала качып кетишкенин айткан.

Буга чейин Надиранын ата-энеси милиция кызды издөөдө көңүлкош мамиле кылып жатканын айткан. Кыздын жоголушу боюнча ишти акыйкатчы Бакыт Аманбаев да өз көзөмөлүнө алган. (EBM/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG