Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Боршайком Алымбековду мандатынан ажыратты


Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата Мекен" фракциясынын депутаты, Жогорку Кеңештеги Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Эркинбек Алымбековду мандатынан ажыратты. Бул кабарды Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева “Азаттыкка” тастыктады.

Сасыкбаеванын билдиришинче, Борбордук шайлоо комиссиясы мындай чечимди жумуш убактысы бүткөн кезде кабыл алган. Депутат муну азыркы бийликке чындыкты айткан адамдар жакпасы, чөнтөк парламент керектиги менен түшүндүрдү. Сасыкбаева муну менен катар Алымбеков депутаттыктан кетүү арызын фракция менен акылдашпай жазганын билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңештеги "Ата-Мекен" фракциясынын жетекчи орун басары Эркинбек Алымбеков Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жолдогон. БШКдан "Азаттыкка" кабарлашкандай, анда Алымбеков "депутат болбойм" деген чечим кабыл алганын жазган.

Кечээ парламентте Кумтөр маселеси талкууланып жатканда депутат Алымбеков эгер өкмөттү колдогон чечим кабыл алынса мандатынан баш тартаарын айтып чыккан болчу.(ST)

XS
SM
MD
LG