Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

Тажикстанда кумсалыкка каршы кутпа окулду


Тажикстандын Уламалар кеңешинин төрагасы мусулмандарга кайрылып, кумсаларды жалгыз калтырууга чакырып, алар Кыямат кайымда “эң жаман жазаланат” деди.

Мындай билдирүүнү Саидмукарам Абдукадырзада 7-февралда Дүйшөмбүнүн борбордук мечитинде жума намазда жасады. Ал мусулмандарды балдары “күнөө жолуна” түшпөө үчүн “туура жолго” тарбиялаганга да чакырды. Тажикстандын Дин иштери боюнча өкмөттүк комитетинин суранычы боюнча, жума күнү өлкөдөгү бардык мечиттерде ушундай кутпа окулду. Комитет ошондой эле бардык диниятчыларды “салттуу эмес сексуалдык мамилелерге” байланыштуу маселелерди өз жамааты менен талкуулаганды өтүнгөн.

Тажикстан жана башка экс-советтик республикаларда 1990-жылдары окшош жыныстагылардын сексуалдык байланышы кылмыш эмес деп табылган, бирок коомдо кумсаларга көпчүлүктүн мамилеси жакшы эмес.

XS
SM
MD
LG