Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

Мушаррафка өкүм угузулган жок


Пакистандын мурдагы аскерий башкаруучусу Первез Мушарраф 7-февралда кайра сотко келген жок. Cотто Мушарафка 2007-жылы ноябрда өлкөдө чукул кырдаал абалын жарыялап, Конституцияны бузду деп айып тагылары боолгонуп жаткан. Пакистандын мурдагы аскерий башкаруучусу эч кандай күнөө жасабадым деп, айыптоолор саясий мүнөзгө ээ экенин айткан болчу.

70 жаштагы Мушарраф буга чейин ден соолугуна шылтап, сотко келбей койгон. Ал 2-январда сотко баратып, жүрөгү кармаган. Ошондон бери Равалпинди шаарында ооруканада жатат. Мушаррафтын адвокаттарынын экс-президентти тыш мамлекетке дарыланууга коё берүү суранычын сот өткөн айда канааттандырган эмес.

Первез Мушарраф 1999-жылы төңкөрүш жасап, бийликти басып алган жана 2008-жылы бийликти калтырып, тыш өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болгон. Эгер сот Мушаррафты Конституцияны бузду деп тапса, ал өлүм жазасына тартылышы ыктымал.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG