Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Мамлекеттик органдардын диний жараяндарга аралашуусу күчөйт


Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат бөлүмүнөн кабарлашты.

Атамбаев башында турган өлкөнүн Коргоо кеңешинин акыркы чечиминде: “Акыркы жылдары калыптанган диний чөйрөдөгү процесстерди жөнгө салуудан мамлекеттик органдардын обочолонушунун практикасы жаңылыш деп табылсын” деп жазылат.

Анда аалымдарды жана муфтийди тандоо, мечиттердин имамдарын аттестациялоо, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен диний ишкерлер үчүн квалификациялык экзамендердин башка формаларын өткөрүү да камтылган.

Мындан тышкары милиция тарабынан экстремисттик жана деструктивдүү уюмдарга тиешеси бар же жок экендиги тиешелүү түрдө текшерилгенден кийин гана мечиттердин имамдарын, имам-хатибдерди дайындоо жазылган. (SA)

XS
SM
MD
LG