Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Учакты Сочиге буруу аракетине күбө болгон адам түшүндүрмө берди


- Биздин котормочунун айтканы боюнча, барымтачы орусчалап, Олимпиада оюндары болуп жаткан шаарга барам дептир. Ал «бомбам бар, жардырам» деген имиш. Ошентип коюп, ордуна келип отурган боюнча үч саат козголгон жок, – деди жүргүнчүлөрдүн бири, Коч аттуу түрк жараны.

Мунун алдында барымтачыны учкуч "Сочиге келдик деп алдаганы" кабарланган. Стамбулдун мэри Хусеин Авни Мутлу 45 жаштагы Артем Козловду Стамбулду Сочи деп ишендирген учкуч болгондугун айтып чыккан болчу.

Ичип, мас болуп алган Козлов Стамбул аба бекетинде 109 жүргүнчүнү бошотууга макул болгондон кийин кармалды. Издөө учурунда бомба табылган жок.

XS
SM
MD
LG