Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Украинa: демонстрацияга каршылар чогулушту


Өкмөткө каршы демонстранцияларга нааразы болгон миңдеген киши ишембиде Киевдеги баррикадалардын биринин жанында чогулуп, ызы-чуусуз кайра таркашты.

2 миңдей киши мэриянын жанында түштөн баштап чогулуп, жолду буушту. Өкмөткө каршы демонстрациянын катышуучулары бийиктиги үч метр келген баррикадалардын үстүндө турушту. Каршы тараптар эки саатка чукул тирешти.

Өкмөткө каршы демонстрация үч айдан бери дээрлик жыйынтыксыз уланууда. Нааразылык акциялары украин өкмөтү Европа Биримдиги менен кызматташуу келишимине кол койбой койгондон кийин ноябрда башталган эле.

XS
SM
MD
LG