Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Украинада жаңы демонстрация жарыяланды


Президент Янукович Сочиде орус президенти менен жабык сүйлөшкөндөн кийин өкмөткө каршыккан демонстранттар кайра жаңы акция даярдап башташты. Жекшембидеги демонстрация жергиликтүү убакыт боюнча чак түшкө деп белгиленди.

Украин оппозициясы конституциялык реформа жана чукул шайлоо талап кылууда. Януковичтин маалымат катчысы Владимир Путин менен сүйлөшүү расмий жолугушуу болгон жок деген менен чектелди. Экөө Орусия Украинага бөлгөн 15 млрд. доллардык чукул жардамдын тагдырын талкуулашмак. Янукович жаңы өкмөттүн курамын аныктаганга чейин бул жардам берилбей токтоп турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG