Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:09

Косоводо тополоңдон кийин ректор иштен кетти


Өзүн докторлук ишин көчүрүп алган деп айыптаган демонстранттар менен полициянын кагылышынан кийин Приштина университетинин ректору кызматынан бошонду. Отставкага арыз берип жатып, Ибрахим Гаши Косовонун баш калаасындагы соңку зомбулуктар үчүн оппозициячыл партияларды күнөөлөдү.

Бир жумача демонстранттар, негизинен студенттер аны менен кошо илимий даражасын көтөрмөлөө үчүн интернеттеги илимий делген жасалма журналдарда макалаларын жарыялаган профессорлордун иштен кетишин каалашты. Демонстрациянын уюштуруучулары Приштина университетиндеги бардык мугалимдердин илимий даражаларын текшерүүнү талап кылып жаткандыктан, нааразылык акциялары дагы улана тургандыгы кабарланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG