Бүгүн түштөн кийин Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында бир милиция кызматкерин жана бир жол кайгуул кызматкерин белгисиз адамдар атып кетишкенин "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов тастыктады. Анын айтымында, аталган эки кызматкер Боом капчыгайына кеткен жолдо өз кызматтарын аткарып жаткан.
Кимдер атканы жана ок жеген кызматкерлердин абалы азырынча белгисиз. Учурда облустук милициянын оперативдүү-тергөө тобу окуя болгон жерге жөнөп кетти.(BkA)
Кимдер атканы жана ок жеген кызматкерлердин абалы азырынча белгисиз. Учурда облустук милициянын оперативдүү-тергөө тобу окуя болгон жерге жөнөп кетти.(BkA)