Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:13

Ысык-Көлдөгү чек арачыларга концерт тартууланат


Ысык-Көл облусунда чек араны кайтарып жүргөн жоокерлерге акысыз концерт тартууланат. Аны жарандык коомдун активисттери уюштуруп жатат. Чыгымдардын баарын алар өздөрү көтөрүүдө. Акцияны уюштуруу демилгесин Кыргызстандын белгилүү ырчылары жана куудулдары колдоп берген. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучу Элима Жапарова билдирди.

12-февраль күнү өтө турган маданий иш-чара эки бөлүктөн турат. Алгач Каракол шаарындагы жоокерлерге концерт уюштурулуп, андан соң акция катышуучулары Жети-Өгүз районунун Пикертык деген аймагында жайгашкан чек ара бөлүгүнө барып, аскерлердин жашоо-шарты менен таанышышат.

Ушундай эле концерт 29-30-январь күндөрү Баткендеги жоокерлерге тартууланган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG