Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:53

Евробиримдик Швейцариядагы референдумга өкүнүчүн билдирди


Швейцарияда жекшемби күнү өткөн референдумдун болжолдуу натыйжасына ылайык, жарандардын 50% ашууну мигранттарга карата чектөөлөрдү колдоду. Мамлекетке келүүчү чет өлкөлүктөргө карата квоталык системаны кайра киргизүүгө швейцариялыктардын теңинен көбү макул.

Чектөөлөр Евробиримдиктин кызматкерлерине да таасир этиши мүмкүн. Буга байланыштуу антимиграциялык маанай жараткан референдумдун жыйынтыгына уюм өкүнүчүн билдирди.

Айрым маалыматтар боюнча, өткөн жылы мамлекетке башка өлкөлөрдөн 70 миңдей мигрант келген. Чет элдик жарандар Швейцариядагы калктын төрттөн бирин түзөрү буга чейин кабарланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG