Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Милицияны аткандар айдап качкан унаа Токтогулдан табылды


Жалал-Абад облустук ИИБинин башчысы Жеңиш Жоробековдун “Азаттыкка” билдиришинче, унаа Токтогул району тараптан табылган. Унааны алгач Жумгал РИИБинин кызматкерлери байкашкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, Балыкчыда милицияга ок чыгарып, качкандар Нарындын Жумгал району аркылуу Жалал-Абадга качкан болуусу ыктымал. Милиция учурда аларды издөө аракеттери көрүлүп жатканын кабарлоодо.

9-февралда, күндүзгү саат беш чендерде белгисиз эки адам Балыкчыда жол-кайгуул кызматкерин жана милиционерди кызмат өтөп жаткан жеринен атып, качып кетишкен. Ок чыгаргандар Тоңдогу жолдо бузулуп калган унаасын таштап, чоң жолдо бараткан Audi 6 автоунаасын ээсинен тапанча менен коркутуп тартып алып, андан ары айдап кетишкен. Алардын бузулуп калган унаасын тинтүү учурунда бет кап, жасалма чач жана бычак чыккан. Ок жеген милиционер каза тапкан, жол-кайгуул кызматкери жарадар болуп, ооруканада.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG