Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:37

Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүсү кайра башталды


Женевада Сирия өкмөтү менен оппозициясынын тынчтык сүйлөшүүсүнүн жаңы айлампасы башталды. БУУнун жана Арап Лигасынын Сирия боюнча чабарманы Лахдар Брахими тараптар менен жекеме-жеке кездешүүдө. Сүйлөшүү канча күнгө созулаары белгисиз.

Январда тынчтык сүйлөшүүсүнүн алгачкы айлампасы ийгиликсиз бүткөн. Оппозициянын өткөөл өкмөткө президент Башар Асад кирбесин деген талабы сүйлөшүүнүн жүрүшүнө чоң тоскоолдук жараткан. 9-февралда козголоңчулардын колундагы ортолуктагы Хомс шаарынан 600дөн ашуун жаран чыгарылды. Бул Улуттар уюму арачылык кылган үч күндүк элдешүү кезде камоодогу Хомстан жарандардан экинчи тобунун чыгарылышы болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG