Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

ЕБ Украинадагы кырдаалды талкуулоодо


Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери “Чыгыш кызматташтыгы” программасына мүчө Украина жана башка мамлекеттердеги кырдаалды талкуулай баштады. Биримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон жыйынга баратып, Брюссел Украина өкмөтү менен европачыл протестчилер арасындагы диалогду жактаарын айтты: "Биз сүйлөшүүнү колдогонго даярбыз. Аракет кылуу жана кырдаалды жөндөө маанилүү. Биздин экономикалык колдообуз менен ишке ашырылчу реформага жардамдашканга да даярбыз. Бул маселеде көптөгөн өлкөлөр жана институттар менен байланышып жатабыз".

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Киевдеги антиөкмөтчүл демонстранттардын талабына карабай, нааразылыкка чыккандарды сабоого тиешелүү украиналык чиновниктердин биримдикке каттоосун чектөөгө жана банктардагы эсебин убактылуу камакка алуу жөнүндө чечим кабыл албайт. Бирок Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильдт непада мындай окуялар болочокто дагы кайталанса, анын аягы жаман бүтөөрүн эскертти.

XS
SM
MD
LG