Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Тажикстан түрмөдөгү кыйноолорду токтотуу келишимине кошулушу мүмкүн


Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожидин Аслов 10-февралда Душанбеде Бириккен улуттар уюмунун кыйноолор боюнча атайын докладчысы Хуан Мендез менен жолукту. Эки жак Тажикстандын кыйноолорду жана өз букараларына адамгерчиликсиз мамиле жасоону токтотуу боюнча эл аралык келишимге кошулуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады, деп билдирди ырасмий Душанбе.

Бул келишимге Тажикстан мурда кол койгон. Оппозициядагы Ислам кайра жаралуу партиясы 8-февралда билдиргенге караганда, акыркы кезде Тажикстандын түрмөлөрүндө жана полицияканаларында адамдарды уруп-кыйноолор көбөйгөн. Жергиликтүү адам укугун коргоочулар Тажик өкмөтүнү акыркы жылдары арестанттардын түрмөдөгү шектүү өлүмүнүн себептерин иликтөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG