Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Германияда кыргыз ырчылары концерт берет


Бонндогу Нооруз, 16-март 2013-ж.
Бонндогу Нооруз, 16-март 2013-ж.
Мурдагы Батыш Германиянын борбору болгон Бонн шаарында Нооруздун урматына 22-мартта кыргызстандык ырчылардын концерти болот. Бул тууралуу мекендештердин KyrgyzClub–Germany уюму кабарлады. Бишкектен немис жергесинде ырчылар Ырыскелди Осмонкулов, Актан Исабаев жана "Тим Бектур энд Френдс" джаз тобу концерт берет.

Германиядагы кыргызстандыктардан тышкары майрамдык салтанатка Австрия, Бельгия, Британия, Италия, Нидерланддар, Франция, Чехия жана Швейцариядан мекендештер катышат. Кече Берлиндеги кыргыз элчилигинин жана Бонндогу кыргыз консулдугунун колдоосу менен өтөт.

Нооруз майрамына арналган кечеде конокторго кыргыз улуттук тамактары жана суусундуктары тартууланат. Салтанаттын жүрүшүндө Германиядагы кыргызстандыктар майрамдык видео куттуктоо жаздырып, Кыргызстандагы мекендештерине жөнөтөт. (BAz)

XS
SM
MD
LG