Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:00

Асыранды балдар маселеси парламентте талкууланат


Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети асырап алынган балдар темасын бүгүн талкууга алып чыгат. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында негизинен чет өлкөлүктөргө асыроого берилген кыргызстандык балдардын учурдагы абалы тууралуу сөз болот. Бул боюнча депутаттарга Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев маалымат берет.

Аталган министрликтен билдиришкендей, Кыргызстанда акыркы үч жылда асыроого 3607 бала берилген. Алардын ичинен 9 баланы чет элдиктер алып кеткен. Учурда асыроо үчүн кезекте 200дөн ашык бала бар. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG