Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Мамытов: Тажикстан Ворух маселесин бүгүн эле көтөргөн жок


Тажик тарап он беш жылдан бери эле Кыргызстандагы Ворух аймагын анклавдан чыгарып алуу маселесин көтөрүп келе жатышат. Бирок азыр дагы жаңы суроо же талап менен кайрылыша элек деди “Азаттыкка” вице-премьер-министр Токон Мамытов:

-Тажикстан 2000-жылдары эле Ворухту анклавдан куткаруу үчүн Ак-Сайдын оң же сол тарабынан Кожо-Алоого чейин коридор бергиле деп сураган. 2003-жылы атүгүл 1925-жылкы карта боюнча Ворух менен Кожо-Алоону бириктирип чийип алышкан болчу, ал жерде Кыргызстандын аймагы болгон Ак-Сайды да “биздин жер” деп кошуп алышкан болчу. Биз ошондо эле баш тартканбыз. Мен бул кызматка келип, өкмөттөр аралык жолугушуу болгондо эле айткам: “бизге тиги жерди бер, бул коридорду түзүп бер” деп кайрылбагыла, Кыргызстан эч качан бул маселелерди карабайт деп айткам. Ошол үчүн азыр мага Тажикстан тараптан да, Өзбекстан тараптан анклавдардан чыгуу маселеси тууралуу кайрылуу түшө элек.

Токон Мамытовдун айтуусунда Өзбекстан тарап да мурунку убактарда Сохту анклавдан куткаруу үчүн коридор сурап, бир нече жолу кайрылган.

Тажикстандын вице-премьер-министри Мурадоли Алимардон 8-февралда Ворух анклавынын эли менен жолугушуп, Ворухту анклавдан чыгарып, Исфарага кошууну убада кылган. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып жазды.

Тажикстандын Ворух анклавы Кыргызстандын Баткен аймагында, калкынын саны 30 миңдин айланасында.(ZKo)

XS
SM
MD
LG