Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

Магомедов психикалык ооруканадан качып кеткен


Бул тууралуу Кызыл-Жар психикалык ооруканасынын башчысы Гүлнура Миңбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда “киши өлтүргөндүгү үчүн” соттолуп, бирок психикалык жактан жабыркаган деген диагноз менен өткөн жылы ооруканага чыгарылган Заур Магомедов ал жактан 5-февралдан алтысына караган түндө качып кеткен. Дарыгерлер бул тууралуу ошол эле убакта Таш-Көмүр милициясына кабарлашканын бекемдейт башкы врач.
Милиция болсо анын качып кеткени тууралуу маалымат түшпөгөнүн билдирүүдө.

Кызыл-Жар психикалык ооруканасында дарыланып жатат деп эсептелген 28 жаштагы Заур Магомедов өнөктөшү 43 жаштагы Бердимурат Арчаев менен кошо 9-февралда Балыкчыда бир милиционерди атып өлтүрүп, экинчисин жарадар кылып, качып кеткен. 10-февраль күнү милиция алардын Токтогул шаарчасында жашынып жаткан жерин аныктаган. Кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөнү үчүн аларды атып өлтүрүүгө туура келген.

Магомедовдун психикалык ооруканадан качып кеткени боюнча Таш-Көмүр шаардык прокуратурасы териштирүү иштерин баштады.(EBM;ZKo)

XS
SM
MD
LG