Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:55

Баткенде Өзбекстандын жараны бак кыйып жаткан жеринен кармалды


11-февралдын түнүндө Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен Боз-Адыр айылында Кыргызстандын аймагына кирип алып, бакты мыйзамсыз кыйып жаткан жеринен өзбекстандык жаран кармалды. Аны Баткен чек ара отрядынын Боз-Адыр бөлүмүнүн чек арачылары кармап, Баткен райондук ИИБне өткөрүп берген. Азыр жергиликтүү милиция бул иш боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул маалыматты “Азаттыкка” билдирген Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Жамийла Пазылова мындай окуялар мурдатан эле кайталанып келе жатканын билдирди.

Жергиликтүү элдин айтуусунда, Баткен менен чектешкен Өзбекстан, Тажикстандын тургундары Кыргызстандын аймагынан таш көчүрүп, бак кыйып, мекенине алып кеткен учурлар көп эле кездешет.(JsA/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG