Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:09

Балыкчы окуясындагы үчүнчү милиционердин иши каралууда


Балыкчыда милиционерлерге ок атылган учурда курман болгон Бакыт Абдраев менен жарадар болгон Аскарбек уулу Таштандын жанында дагы бир милиция кызматкери болгон. Бул тууралуу ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев билдирди. “Ал да Балыкчы шаардык ИИБнын кызматкери, окуя болгон жерде ал да болгон, бирок эч кандай аракет кылган эмес. Азыр буга байланыштуу иликтөө иштери жүрүп жатат” деген Мамбеталиев үчүнчү милиционердин аты-жөнү убактылуу айтылбасын кошумчалады.

28 жаштагы Заур Магомедов өнөктөшү 43 жаштагы Бердимурат Арчаев менен кошо 9-февралда Балыкчыда бир милиционерди атып өлтүрүп, экинчисин жарадар кылып, качып кеткен. 10-февраль күнү милиция аларды Токтогул шаарчасында жашынып жаткан жерин аныктаган. Кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн атып өлтүрүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG