Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Казак тенгесинин курсу төмөндөөдө


11-февраль күнү Бишкектеги валюта базарында 1 казак теңгеси 25 тыйынга чейин түштү. Кечээ эле тенгенин баасы 30 тыйындын айланасында болчу. КР Улуттук банкы казак тенгесинин төмөндөөсү боюнча өз түшүндүрмөсүн берди. Ага ылайык, Казакстан тенгени девальвациялоого Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн валюта базарындагы кырдаалга байланыштуу муктаж болгон. Банк буга мисал катары өткөн жылы Беларуста улуттук валюта долларга карата девальвация болгонун, ал эми Орусиянын рубли АКШ долларына карата 7,5% арзандаганын айтат. Ошол эле учурда кыргыз сому да жаңы жылдан бери долларга карата 3,9% ылдыйлады. Ошентсе да Улуттук Банк Казакстандагы кырдаал Кыргызстанга таасир эте албасын кошумчалап, буга биздин өлкөдөгү акча алмашуунун ички жана тышкы кырдаалдарга оңой ыңгайлашуучу түрү иштерин себеп кылган.
КР Улуттук банкы Кыргызстандын валюта базарындагы кырдаалга көз салып турарын белгилеп, эл аралык резервдеги 2,2 млрд. доллар чет элдик валютага болгон суроо-талапты канааттандыра алат деген ишеничин билдирүүдө.

Өткөн жылы Кыргызстандын Улуттук банкы сомдун курсун кармоо үчүн бир жолу 14,7 млн долларды интервенция кылган болсо, быйылкы жыл башынан бери үч жолу: 21-январда 9,9 млн. доллар, 24-январда 17,5 млн. доллар, ал эми 5-февралда 7,25 млн. долларды валюта базарына чыгарган. Эки жумалык кыска аралыкта интервенция кылынган доллардын суммасы 43,65 млн. долларга жеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG