Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

Сирия боюнча резолюция долбоору колдоо таппады


Дүйшөмбүдө Орусия менен Кытай Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Сирияга гуманитардык жардамды көбөйтүүнү сунуштаган резолюциясына каршы добуш беришти. Рейтер агенттиги өз булактарына таянып, АКШ, Франция жана Британия сунушталган резоюцияга катышпагандыктан, Кытай менен Орусия колдобой койгонун жазышты.

Австралия, Люксембург жана Иордания бейшембиде Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнө өз долбоорун сунуштады. Бирок ал жыйынга Орусиянын туруктуу өкүлү Виталий Чуркин менен Кытайдын өкүлү Лю Цзе И катышкан жок.

Жума күнү Чуркин резолюциянын долбоору “сүйлөшүүлөрдү баштоого тескери таасирин тийгизет, даярдалган текст буга чейинкилерден дагы начар” деген баасын берип, ага каршы добуш берди.

Орусия менен Кытай Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Сирияны такай коргоп келет. Эки өлкө Сирия бийликтерин айыптаган жана ага санкцияга киргизүүгө жол берген үч резолюцияга вето койгон.

Тогуз миллион сириялыктардын дээрлик жарымы гуманитардык жардамга муктаж экендигин Улуттар Уюмунун гуманитардык жардам программасынын өкүлү Валери Амос билдирет.

XS
SM
MD
LG