Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Ирактын түндүгүндө 15 жоокер набыт болду


Шейшембиге караган түнү Найнава провинциясындагы аскерий базага белгисиз бирөөлөр чабуул коюп, 15 жоокер каза тапканын Associated Prеss агенттиги жергиликтүү доктурларга шилтеме жасап билдирди. Жоокерлердин жарымынын баштары кесилген, калгандары октон каза тапкан. Азырынча чабуулду эч ким мойнуна ала элек.

Соңку кезде Ирактын Анбар провинциясында “ал-Каида” менен байланышы бар согушкер-сунниттер активдешип, кырдаал курчуду. Акыркы беш айда кан төгүүлөр күчөгөн Иракта апрель айында парламенттик шайлоо өтөт.

XS
SM
MD
LG