Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:45

“Чайка” тасмасы Бухаресттеги кинофестивалда көрсөтүлөт


Кыргызстандык режиссер Елизавета Стишованын “Чайка” деп аталган кыска метраждуу тасмасы Румынияда өтө турган эл аралык кинофестифалга катышат. Next деп аталган фестиваль Бухарест шаарында 3-7-апрель күндөрү болот. Бул тууралуу “Айтыш фильм” киностудиясынын өкүлү Чолпон Идрисова билдирди.
Жаш киночулардын эмгегине арналган бул эл аралык фестиваль жыл сайын уюштурулат.

“Чайка” фильминде айылдагы мектепте орус тилинен сабак берген мугалимдин жашоосу сүрөттөлөт. Кино Ысык-Көлдө тартылган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG