Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Украина соту Тимошенконун өтүнүчүн орундаткан жок


Сот Юлия Тимошенконун камактагы кармоо режимин жеңилдетүү боюнча өтүнүчүн орундаткан жок. Ишти шейшемби күнү Харьков соту карады.

Тимошенко камактагы жаза өтөө шартын жеңилдетүүнү суранып, өткөн жылдын декабрында сотко кайрылган. Экс-премьер министр муну үч жылдан бери катаал режимдеги түрмөдө отурганы менен негиздеген. Анын адвокаты билдиргендей, мамлекеттин жаза аткаруу кодексине ылайык, камактагы шарттарды өзгөртсө болот.

Тимошенко кыска мөөнөттүү жолугушууларга чектөө койбой, керек учурда түрмөдөн чыгып, жаза аткаруу мекемесине жакын жерлердеги калктуу конуштарга барууга уруксат берүүнү суранган.

Юлия Тимошенкого Орусия менен газ келишимин түзүүдө мамлекетке зыян келтирген деген айып тагылып 2011-жылы жети жылга кесилген. 2012-жылдын май айынан тарта ал Харьков шаарындагы ооруканада дарыланып келет.

XS
SM
MD
LG