Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Төрт депутат “Учур” гезитин сотко берди


Жогорку Кеңештин төрт депутаты “Учур” гезитин сотко берди. Өткөн жылдын октябрь айында гезитте жарыяланган “Косягы көп депутаттар” деген макала үчүн Гүлнара Жамгырчиева, Асия Сасыкбаева, Майрамкүл Тиленчиева жана Эркингүл Иманкожоева редакциядан акчалай компенсация талап кылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” гезиттин башкы редактору Зулпукаар Сапанов билдирди.

Анын айтымында, депутаттардын ар бири редакциядан 2 миллион сомдон, башкы редактордон 500 миң сомдон, макаланын авторунан 100 миң сомдон өндүрүп алууну талап кылууда.

Редакциядан билдиришкендей, макалада элдин депутаттарга болгон ой-пикири жазылган.

Ишти Бишкектеги Биринчи Май райондук соту карап жатат.

Гезитти сотко берген депутаттар бул боюнча комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG