Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:52

Улуттук Банк 27 млн. долларды интервенциялады


Кыргызстандын Улуттук банкы казак теңгесинин девальвацияланышына байланыштуу өлкөдө сомдун курсун тең салмактоо үчүн 12-февралда валюта базарына 27 млн. доллар чыгарды. Бул тууралуу бүгүн УБ төрайымынын орун басары Сүйөркул Абдыбали тегин маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, сомго валюта рыногундагы сырткы өзгөрүүлөр таасирин тийгизбей койбойт. Буга АКШнын Федералдык резерв системасындагы өзгөрүүлөр доллардын дүйнөлүк валюта базарларында азаюусуна, ошол эле учурда кунун бекемдөөсүнө алып келүүдө.

Ошентсе да УБ жетекчилери сомдун курсунда кескин өзгөрүүлөр болбой турганын билдиришүүдө. Сүйөркул Абдыбалы тегиндин сөзү боюнча, Улуттук банктын аракеттеринен соң доллардын курсу калыбына келди деп айтууга болот.

Ушул тапта Бишкектеги валюта базарында доллардын баасы 52,50 - 53 сомго чейин чыгууда. Ал эми евронун баасы 71 - 71,50 сомго көтөрүлдү. Өзгөрүүлөр бир нече убакыттан бери төмөн болуп жаткан орус рублинде да байкалууда, бүгүн 1 орус рубли 1 сом 50 тыйынга чыкты. Девальвацияга учураган казак тенгеси 25 тыйындан алынып, 32 тыйындан сатылууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG