Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

RSF: Экс-советтик мейкиндикте маалымат эркиндиги начарлоодо


Чек арасыз кабарчылар уюму (Reporters Without Borders-RSF) мурдагы советтик республикаларда жыл сайын маалымат эркиндиги начарлоодо деп эсептейт. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан бул уюм 12-февралда “Дүйнөдөгү басма сөздүн эркиндиги индексин” жарыялады. Бул изилдөөдө Орусияда маалымат каражаттарын муунтуучу мыйзамдар кабыл алынганы, Казакстан менен Азербайжанда масс-медиадагы плюрализмди кысмакка алуу күчөп баратканы белгиленет.

Экс-советтик мейкиндиктеги мыкты көрсөткүчтүү Молдова (56-орун), Армения (78), Грузия (84) жана Кыргызстанда (97-орун) масс-медиада “плюрализм дале олуттуу жана мамлекеттик цензура салыштырмалуу аз” экени белгиленет. Сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча Орусия 148чи, Азербайжан 160чы, Казакстан 161чи, эң начар көрсөткүчтүү Өзбекстан 166чы, Түркмөнстан 178чи орунда турат. Кошмо Штаттардагы кеңири масштабдагы электрондук тыңшоолордун ачыкка чыгып кетүүсүнө тиешеси барларды иликтөө аракети өлкөнү 13 - орундан 46-орунга түшүп кетүүсүнө шыкак болду.

XS
SM
MD
LG