Бүгүн Кытайдын түндүк батышындагы Шиңжан-Уйгур автоном районунда кубаты 6 - 8 баллга жеткен жер титирөө болду. АКШнын геология кызматынын маалымдашынча, зилзала очогу Юйтян уездиндеги Хотан округунда 12 километр тереңде болду. Кытайдын сейсмология кызматынын билдиришинче, жер титирөөнүн күчү 7,3 баллга жеткен. Зилзаланын зыяны тууралуу маалымат жок.