Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:10

“Бир дүйнө Кыргызстан” мигранттарга укуктук жардам берет


Кыргызстандагы укук коргоочу “Бир дүйнө Кыргызстан” уюму Орусия, Казакстандан мыйзамсыз чыгарылып, мекенине кайтып келген кыргызстандык мигранттарга укуктук жардам бермекчи. 17-февралдан тарта уюмдун “Түз байланыш” телефону аркылуу аял мигранттар, миграцияда жаш балдары менен жүргөн аялдар, миграцияда жүрүп тартип коргоо кызматкерлери же жумуш берүүчүлөр тарабынан зордук-зомбулукка дуушар болгондор кайрыла алышат. Кайрылуулар Орусиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык каралмакчы.
Кайрылуулар “Түз байланыш” телефону аркылуу күн сайын кабыл алынат.
“Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун билдирүүсү боюнча укуктук жардам “Кыргызстандан сыртта жүргөн мигранттардын укугун коргоо” долбоорунун алкагында берилүүдө.

Ушул тапта бейрасмий маалыматтар боюнча Орусияда миллиондон ашуун, Казакстанда жарым миллионго чукул кыргызстандыктар иштеп жүрүшөт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG