Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

CPJ: Түркия журналисттерди абакка көп салган өлкө


Электрондук көзөмөлдөө, журналисттерди өлтүрүү жана массмедианы саясий-экономикалык кысмактоо маалымат эркиндигине эң чоң коркунуч туудурат. Мындай тыянак Журналисттерди коргоо комитетинин (Committee to Protect Journalists) “Прессага чабуул” деп аталган жылдык докладында айтылат. Массмедиа үчүн авторитардык башкаруудагы өлкөлөрдө иштөө баарынан кыйын. Бирок комитеттин директору Жоэл Саймостун сөзүнө караганда, жаңы технологиялар жарандардын тыш өлкөлөрдөн маалымат алуусуна мүмкүндүк түзүүдө.

60 мамлекеттеги абалды иликтенген бул докладда Орусия бийлиги “сөз эркиндигин кысып жатканы”, 2013-жылы журналисттер үчүн Сирияда иштөө эң кооптуу болгону, Ирак жана Египетте журналисттерди өлтүрүү көбөйгөнү белгиленет. Түркияда экинчи жыл удаа журналисттер абакка көп отургузулган; бул жагынан Иран жана Кытай да алдыда экени Журналисттерди коргоо комитетинин жылдык докладында көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG