Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Аба ырайы: Шашылыш билдирүү


Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы унаа жолдордо 12 - 13-февралда кар көчкү коркунучу сакталат, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Аба ырайы: Синоптиктердин маалыматы боюнча 13-февралда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр, багыты өзгөрүлүп турат.

Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13...-18, күндүзү -1...-6, Таласта түнкүсүн -14...-19, күндүзү -1...-6 градус суу болот. Баткен, Ош, Жалал-Абат облустарында түнкүсүн -7...-12 градус суук болуп, күндүзү 0..5 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5...10, күндүзү -2...3 градус жылуу болот. Нарын облусунда түнкүсүн -25...-30, күндүзү -9...-14 градус суук болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -14…-16 градус, күндүзгү жогорку температурасы -2…-4 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG