Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:43

Бейөкмөт уюмдар патент баасынын көтөрүлүүсүнө каршы


Мындай мазмундагы кайрылуу менен бүгүн он беш чакты бейөкмөт уюм КР өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевге жана Каржы министри Ольга Лавровага кайрылышты. Анда Каржы министрлиги сунуштап жаткан “ишкерлик кылууга өз эрки менен төлөнүүчү салык –патенттин баасын көтөрүү тууралуу” токтом долбооруна каршылык жазылган.
Кайрылуу ээлери Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли ансыз деле 33,7% ашып жатканын белгилеп, майда ишкерлик кылууга элди ошол жакырчылык түртүп жатканын билдиришкен.
Ишкерликке патент акысын көтөрүүдөн көрө көзөмөлдөөчү органдардагы коррупциялык механизмдер менен күрөш, ишкерликтин көмүскөдөн чыгып, өнүгүүсү үчүн шарт түзүп берүү сунуш кылынган. Ошондой эле патент баасынын арзан болуусу тескерисинче кичи ишкерликти өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк болору белгиленип, өкмөт салыкты патенттин баасын көтөрүү менен эмес, патент алуучулардын санын көбөйтүү менен арбын чогултуу жагын кароо сунуш кылынат кайрылууда. Аягында кайрылуу ээлери ишкерлик кылуу үчүн алынуучу патент баасын көтөрүү тууралуу токтом долбоорун таптакыр кароодон алып салууну өкмөт башчы менен Каржы министринен өтүнүшкөн.

Өткөн жумада кыргыз өкмөтүнүн сайтына ишкерлик кылуу үчүн алынуучу патенттин баасын 1,5 эседен 5 эсеге чейин кымбаттатуу тууралуу Каржы министрлигинин сунушу –токтом долбоору жарыяланган. Ишкерлер өкмөттүн бул кадамы көмүскө экономиканын өнүгүүсүнө түрткү болот деп баалап жатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG