Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Чехиянын уюмдары Каримовдун визитине каршы


Чехиянын отуздан ашык кесиптик союздары, инвесторлору жана укук коргоочу уюмдары өлкө президенти Милош Земанга кайрылып, Өзбекстандын лидери Ислам Каримовдун Прагага болчу визитин токтотууга чакырышты. 12-февралда жарыяланган кайрылууда Каримовдун 25 жылдык бийлиги абактагыларды кыйноолор, саясый оппоненттерин абакка салуу жана мектеп окуучуларын мажбурлап пахта тергизүү менен коштолгону белгиленип, анын Чехияга чакырылганына “терең тынчсыздануу” айтылат.

Экс-советтик мамлекеттерди Чехиянын экономикалык өнөктөшү катары көргөн президент Земан визит токтотулбасын билдирди. Ислам Каримов Прагада 20-22-февралда болоору мерчемделүүдө. Бул Каримовдун 2005-жылкы Анжиян кыргыныдан бери Европага жасаган үчүнчү визити болмокчу. Европа Биримдиги Анжиянда карапайым элге аскерлер ок аткан кандуу булоондон кийин Өзбекстанга санкция жарыялаган.

XS
SM
MD
LG