Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Сатыбалдиев: өкмөт сомду калыбында кармоого кам көрөт


Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Кыргыз Туусу” гезитинин окурмандарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Премьердин айтымында учурда өкмөт менен Улуттук Банк сомдун курсун сактоо багытында аракеттерди көрүүдө.

Эки күндөн бери коңшу Казакстандын улуттук валютасы - теңгенин куну түшүп, эл арасында нааразылык жаратууда. Буга байланыштуу Кыргызстанда да тынчсыздануу пайда болуп жатат. Улуттук Банк казак теңгесинин девальвацияланышына байланыштуу сомдун курсун тең салмактоо үчүн 12-февралда валюта базарына 27 млн. доллар чыгарган.

Учурда Улуттук Банктын расмий курсу боюнча доллардын баасы 5 сом 64 тыйын, евро 70 сом 42 тыйын, орус рубли 1 сом 48 тыйын, ал эми казак теңгеси 27 тыйынды түзүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG