Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Аба ырайы


Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 13 - 17-февралда Бишкек-Ош (121-137-км., 198-265-км.), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км., 145-150-км.), Каракол-Эңилчек (45-90-км.), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-км.), Нарын-Торугарт (284-295-км.), Казарман-Акталчак (68-70-км), Баетов-Ак-Кыя (63-68-км.), Арал-Миң-Куш (5-36-км.) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот.

Аба ырайы:

Синоптиктердин маалыматы боюнча 13-февралда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр, багыты өзгөрүлүп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18...-23, күндүзү -2...-7, Таласта түнкүсүн -9...-14, күндүзү -0...-5 градус суук болот. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9 градус суук болуп, күндүзү 1..6 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6...11, күндүзү -2...3 градус жылуу болот. Нарын облусунда түнкүсүн -24...-29, күндүзү -11...-16 градус суук болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -11…-13 градус, күндүз -1…1 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG