Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Арипов: Депутаттардын ишине тоскоолдуктар болду


Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин текшерген депутаттык комиссиянын ишине тоскоолдуктар болду. Бул тууралуу аталган комиссиянын мүчөсү Назарали Арипов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, дирекция өкүлдөрү комиссияга керектүү документтерди бербей, ишине тоскоолдук кылган. Ал эми комиссиянын дагы бир мүчөсү Анвар Артыков дирекциянын мыйзам бузуулары толугу менен далилденгенин жана ага комиссиянын бардык мүчөлөрү макул болгонун белгиледи.

Ошол эле учурда Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын мурдагы директору Жусупжан Жээнбеков депутаттык комиссиянын дооматтарын четке кагып, корутунду бир жактуу болуп калганын билдирүүдө.

Жогорку Кеңеш бүгүн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин текшерген депутаттык комиссиянын жыйынтыгын талкуулоодо.(BkA)

XS
SM
MD
LG