Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:50

Ооганстан 65 адамды түрмөдөн чыгарды


Ооган бийликтери бүгүн АКШ бийликтери өтө коркунучтуу деп эсептеген 65 адамды түрмөдөн чыгарды. Бул тууралуу түрмөнүн жетекчилиги кабарлады. Январда ооган президенти Хамид Карзай Парван түрмөсүндө отургандарды бошотуу боюнча буйрукка кол койгон.

Аталган түрмө мурда АКШнын көзөмөлүндө болчу. Вашингтон ооган бийликтеринин бул кадамын сындап, эркиндикке чыккан адамдар аймакка жана Ооганстанга коркунуч келтирери айтылган. Акыркы учурда ооган президенти коопсуздук келишимине кол койбой жаткандыгына байланыштуу Кабул менен Вашингтондун ортосунда мамилелер кескин начарлаган. Аталган келишим АКШ аскерлеринин 2014-жылдан кийинки Ооганстандагы макамын аныктамак. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG