Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Премьер дирекция ишин текшерүүгө каршы эмес


Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча дирекциянын ишин текшерген депутаттык комиссия июнь окуясынан соңку кырдаалды эске албай корутунду чыгарган. Ошондуктан өкмөт башчы депутаттарды корутунду боюнча добуш берүүдө 2010-жылдагы кырдаалды эске алууга чакырды.

Жогорку Кеңеш бүгүн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин текшерген депутаттык комиссиянын жыйынтыгын талкуулоодо.

Депутаттык комиссия өз корутундусунда дирекция өз ишинде бир катар финансылык мыйзам бузууларга жол берип, курулуш иштерин сапатсыз жүргүзгөнүн белгилөөдө. Ошондой эле андан кийинки өкмөт бул мыйзам бузууларды жаап-жашыруу үчүн дирекцияны атайлап жоюп жибергени айтылган. Мындан улам депутаттык комиссия аталган дирекциянын ишин Эсеп палатасы кайрадан текшериши жана буга укуктук бааны Башкы прокуратура бериш керектигин билдирген.(BkA\EBM)

XS
SM
MD
LG